Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалганы айтылууда

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мурдагы чиновник Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен айыпталууда. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.