Бакай-Ата конушундагы бейтапканада пенсионерди кабыл алуудан баш тартышты (видео)

Бишкек шаарынын тургунун бейтапканага кабыл алуудан баш тартышты. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Анын айтымында, ага жарандардын бири кайрылып, Бакай-Ата конушунун бейтапканасына кан басымы көтөрүлгөн абалда барган улгайган энесин киргизбей жаткандыгын айткан.

«Ага дарыгерлер көңүл бурбай, 15 мүнөттөй телефон менен сүйлөшкөн. Андан кийин ал эрте жазылуу менен гана кабыл аларын жана анын убактысын албоону айткан. Бейтаптар жок дегенде кан басымын өлчөп, биринчи медициналык жардам алууну каалашкан. Ачууланган дарыгер аларды кабинеттен түртүп чыгарган. Кийин пенсионер эсин жоготкон. Аны №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирүүгө аргасыз болушкан», — деди жактоочу.