Бакалажка, кийим-кече жагышкан. Бишкектеги рейдде мончолор жабылды

Бишкектеги экологияны коргоого байланыштуу рейд учурунда мончого зыяндуу заттарды жаккан ишкерлер аныкталды.

Ишкерлер менчик мончолорго кийим-кече, азыктардан калган калдыктарды, пластмасса бөтөлкөлөрдү жагып жүрүшкөн. Мыйзам бузган мончонун ээсинин бирөөсүнө эскертүү берилип, экинчисине 7500 сом айып пул салынды.