Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кеткенин айтты

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кеткенин айтты. Ал буга чейин УТРКдан да иштен кеткен болчу.

«Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен регламенттин төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык, менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели», — деди ал.

Буга чейин журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу расмий билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айткан.

Депутат Эльвира Сурабалдиева «качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок» деп айтып чыккан. Ал эми президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков «Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз» деген эле.