Бакиевдин экинчи жубайынын сөөгүн бийлик Кыргызстанга киргизбей койдубу? Президенттин маалымат катчысы жооп берди

Социалдык тармакта “учак менен Минскиден келе жаткан Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшованын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен. Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз», — дешти.