Бактыбек Калмаматов өлкөдөн чыга албай калганын, УКМКга суракка чакыртылганын айтты

Саясатчы Бактыбек Калмаматовдун видео кайрылуусу жарыяланды. Ал 22-декабрга караган түнү Кыргызстандан учуп чыга албай калганын айтат.

Анын айтымында, чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда анын өлкөдөн чыга албасы белгилүү болгон, ошол эле учурда УКМКнын кызматкерлери ага келип, күбө катары суракка чакыруу кагазын тапшырышкан. Аны түн ичинде УКМКга алып кетишкен.