Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып келген.