«Бактылуу 100 адамга акча таратам». Эрбол Султанбаев Айгүл Жапарованын атынан ачылган фейк баракчага ишенбөөгө чакырды (фото)

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына Айгүл Жапарованын атын пайдаланып фейк баракча оюн ойнотуп жатканын жазып чыкты.

«Урматтуу достор, бул баракчанын Биринчи айымга эч кандай тиешеси жок. Фейк баракча. Андыктан бул баракчада жайгашкан маалыматтарга ишенбеңиздер», — деп жазган Султанбаев.

Маалыматка ылайык, аталган баракча бүгүн гана катталган. Баракчада Айгүл  Жапарованын сүрөтү жүктөлүп, 100 бактылуу адамга кайрымдуулук кылып, акчалай жардам таратарын жазган.