Калпаев эмне үчүн милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуучу мыйзам долбоорго каршы добуш берди?

Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында милиция кызматкерлерин видеого тартууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоор 2-окууда каралып, жактырылган жок.

«Макул» деп 44, «каршы» деп 6 депутат добуш берди. Добуш берүүгө 59 гана депутат катышты, жалпы 83 катталган болчу. Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам долбоор өтпөгөнүн билдирди.

Депутат Бактыяр Калпаев да каршы добуш берип, бул мыйзам кабыл алынса башаламан болорун айтты. «Азыр айдоочуларга унаага видеокөзөмөл койгула деп жатабыз. А эмнеге аларды тартууга чектөө коёбуз? Буга коомчулук каршы чыгып жатат. Бул мыйзамды артка эле кайтарып алсаңыздар, эл каршы чыгып жатат. Биздин блогерлер, активисттер ушул тармакта реформа жасоого чоң салым кошушту. Ошолордун эмгеги менен жол тескөөчүлөр тартипке келип калган. Азыр ошолордун укугун чектеп коюп жатабыз. Мен каршы добуш берем, кесиптештерди да ошого чакырам. Айып пул, камоо бул жакшылыкка алып барбайт. Эртең тарых алдында жооп берчү мезгил келет»,- деди ал.