Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына этке болгон дүң бааны төмөндөтүү боюнча тапшырманы койду.
Андан сырткары, дагы бир тапшырмага ылайык Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөө боюнча тапшырма жүктөлдү. Ага ылайык, этке болгон баа 700 сомдон төмөн болушу керек. Ошондой эле, Бакыт Төрөбаев мамлекеттик ишканаларга уйдун этин сырттан алып келүү боюнча кошумча тапшырманы койду.
Буга чейин Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында июль айынын соңунда ведомстволор аралык өткөн жыйында эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизиле тургандыгы маалымдалып, базарда этке болгон баа акырындык менен түшө баштаган болчу. Анда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлердин ветеринардык-санитардык көзөмөлүн күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлган.