Аял Бишкектеги бала бакчада сабалганын айтып чыкты. Милиция эмне дейт?

Социалдык тармакта Бишкектеги менчик бала бакчалардын биринде чыккан чатактан жабыркаган аялдын видеосу тарады. Анда аял 3-декабрда аталган бакчанын жетекчиси жана бала бакчанын ашпозчусу тарабынан ур-токмокко алынганын айтат.

Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, адилетсиздикке кабылганын айтып, ишти көзөмөлгө алуусун суранды.

«Алар мени оозго алгыс сөздөр менен кемсинтип, 1 жаш 8 айлык баламдын да укугун тебелешти. Бардык жакка акыйкат издеп кайрылдым, күчүм жетпей жатат. Мен жалгыз бой эне болгондуктан, алсыз болуп жатам. Камчыбек Кыдыршаевич, сизден жардам берүүңүздү суранам. Мындан ары мага окшоп башкалар да, балдар да бул аялдардан жабыр тартпаса дейм», — дейт аял.

Бул окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер министрлиги маалымат таратып, териштирүү жүрүп жатканын билдиришти.

«Баланын денесине зыян келтирген боюнча Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Наристенин апасы менен бала бакчанын ашпозчусунун ортосунда пикир келишпестик болуп, мушташка айланган. Октябрь РИИБге катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен кошумча маалымат беребиз», — дешти.