Бала бакчадагы тамакты ата-энелер камсыздайт. Министрлик түшүндүрмө берди

Бала бакчаларда тамакты ата-энелердин акчасына жүзөгө ашырылышы боюнча Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берди.

11-августта кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунда тамактанууну каржылоо булактары болуп:

1) республикалык бюджеттин каражаттары;
2) жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салган каражаттары;
4) ата энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттары;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар көрсөтүлгөн.
Ал эми, 6-пунктунда “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн.
Ушул эле мыйзамдын 64-беренесинде мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды расмий жарыяланган күндөн тартып, календардык бир жыл ичинде ушул мыйзамга ылайык келтирүү көрсөтүлгөн.

Ошондуктан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренеси мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар кабыл алынгандан кийин ишке ашырылат.

Өкмөттүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары” токтомунда — балдар яслилеринде жана бакчаларда үч жашка чейин 9-10 саат болуучуларга — 13 сом, үчтөн жети жашка чейин 9-10,5 саат болуучуларга 18 сом каралган. Бул талап бардык бала бакчаларда сакталбайт.

Суткалык нормаларын тең салмактоо жана толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында жана учурдагы инфляцияга байланыштуу мамлекет тарабынан бөлүнгөн 18 сом өлчөмүндөгү акча каражаты бала бакчаларда рационалдуу жана балансталган тамактануусунун талабына жооп бербегендигине байланыштуу республиканын аймактарында ата-энелерден ар кандай суммадагы акча каражаттары  сарпталууда.

Алсак:

Төлөмдөрдүн сакталышы МЧББУ Каржылоо
Бала бакчада тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50%  өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталышы 103

 

15 сомдон 18 сомго чейин
Бала бакчаларда тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50%  өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталбагандыгы жана үч-төрт эсе жогорулашы 1386 25 сомдон 100 сомго чейин
Бала бакчаларда тамак-аштын иш жүзүндөгү наркынын 50%  өлчөмүндө төлөмү боюнча норманын сакталбагандыгы жана көрсөткүчтөр 5 эсе жогорулашы 94 120 сом

Бишкек шаарын мисалга алсак, факты жүзүндө Бишкек шаарында тамак ашка бир күндө 120 сом сарпталса, анын 60 сомун — ата-энелер, ал эми 60 сомун мэрия каржылайт. Башкача айтканда бир айда 60 сомдон 22 күнгө эсептесек, айына 1320 сомду бала бакчадагы ата-энелер төлөп жатат. Ал эми толук түрдө каржылоодо күнүнө 120 сом болсо, 22 күндө 2640 сомго туура келет.