Бала бакчаларда тамак берүү кайра мамлекеттин мойнуна жүктөлөт

11-апрелде Жогорку Кеңеште бала бакчалардагы тамак-ашка ата-энелерди толук төлөп берүүгө милдеттендирген норманы четке кагуу сунушталган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.

Буга чейин Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим алуусу боюнча жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак-ашка ата-энелер тарабынан гана төлөө ченемин алып салуу болуп саналарын айткан. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп таануу сунушталган.