Бала бакчаларды тамак-аш менен ата-энелердин каржылоосу тууралуу министр маалымат берди

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тамак-аш менен каржылоо тууралуу министр Догдургүл Кендирбаева маалымат берди.

«Учурда республикалык бюджеттен Баткен облусундагы жана айрым адистештирилген бала бакчалар каржыланат. 10 сааттык ишмердүүлүк жүргүзгөн бала бакчаларда республикалык бюджеттен 13 жана 18 сомго чейин, ал эми ата-энелерден 43-75 сомго чейин каржыланууда. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган бала бакчаларда 4,5 сомдон баштап 30 сомго чейин, ал эми ата-энелер 25-100 сомго чейин каржылайт. Учурда 100 пайыз ата-энелер каржылаган бала бакчалар бар. Бишкекте жергиликтүү бийликтен 60 сом кошулат. Негизинен 3 жашка чейинки балдарга 85 сом, 3 жаштан жогоркуларга 95 сом туура келери болжолдонду. Балдардын тамак-ашы 100 пайыз каржыланса айына 1600-2000 сом болот», — деди ал.