Бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Жогорку Кеңеште бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул туурасында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Өкмөт тарабынан Билим берүү мыйзамы келген. Ваучердик каржылоонун ичинде бала бакчалардын ысык тамагы ата-энелерге жүктөлсүн деген келип калыптыр. Ошону азыр социалдык комитет менен кайра алуу боюнча иш алып барып жатабыз. Биз айтып койсок, жакшы болчудай. Ата-энелерден акча албагандай кылып, мыйзамга өзгөртүү киргизилет», — деди депутат.