Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы балдар бакчасынын саат 8:00дөн 18:00гө чейин иштөөсүн төмөнкүдөй түшүндүрөт.
Министрлер кабинетинин 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомунда иштин узактыгы 6 күндүк иш жумалыгында 24 саат, 5 күндүк иш жумалыгында 3 саат, 10 саат, 24 саат деп белгиленген. Учурда өлкө боюнча бала бакчалардын 90%ы 10 сааттык режимде иш алып барат жана көпчүлүк учурда 8:00-18:00гө чейин иштейт. Бала бакчанын жумуш убактысы аяктаган учурда балдарды ата-энелери алып кеткенге чейин тарбиячылар кезмет менен карап турушат.