Бүгүн, 22-августта Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 5-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүү иштерине саат 09:51де Ош шаардык №13 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 10:04тө дагы 1 бөлүм жана авто шаты тартылып, жалпы 2 бөлүм иш алып барууда.
Мындан тышкары, саат 10:30да Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана штаб тартылды.
Өрт саат 10:46да чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрт кырсыгы катталган көп кабаттуу үйдөн жашоочулар эвакуацияланып жатат.