«Балага сүйүнчү» алууга эмне документтер керек?

Жыл башынан бери «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдү 96 миңден ашуун бала алды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

9 айда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдөр үчүн 388 977 000 сом суммасында каржыланган. Төлөмдөр 96 миң 934 балага түшкөн.

Министрлик эскертет, бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда “балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 сом өлчөмүндө төлөнөт. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек.

Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт. «Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.