«Балам болсо, мени карамак да» дейт ашыкча салмактан жабыркаган аял

Биздин бул жолку каарманыбыз – 63 жаштагы аял. Ал салмагы 130 килограмм болгону үчүн өз алдынча басып-тура албасын, мындан улам үй-тиричиликке керектүү буюмдарды керебетинин жанына коюп алып, тамак-ашын жасап, жейт экенин айтат. Фатма Ашурова тагдырын төмөнкүчө баяндады.

Анын айтымында, турмушка 18 жашында ала качып, чыккан. Бирок жокчулуктун айынан эки ажырым жолго түшүүгө аргасыз болушкан. Ажырашкан соң, боюнда бар экенин билген. Бирок баласы курсагында чарчап калган. Аялдын салмагы учурда 130 килограммды түзөт. Бишкекке келип жашап жатканына 3,5 жылдын жүзү болду. Көзү азиз киши үйүнө убактылуу жашоого макулдук берген. Бирок ага карабастан 5 жылдан бери салмагынан кыйналып келгенин айтат.

«Мен азыр горшогума да жете албайм. Жанагы көзү азиз бала суумду алып келип берет. Башка турмушка чыккан жокмун, ниетим да жок. Бирок балам болгондо, азыр мени карамак да. Биз кызды чоңойтком, ал кыз турмушка чыгып кетти. Анда жаш болчумун. Азыр Бишкекте жашайт. Бир жолу келип «кандайсыз, апа» деген жок»,- дейт ал.