«Баламды башынан кармап, кыйкырып жаттым». Төрөлгөн ымыркайы полго түшүп кеткен эне ошол күндү эстеди

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде төрөт учурунда дарыгерлер убагында жардам көрсөтпөгөндүктөн баласы жерге кулаганын айткан эне билдирүү тараткан. 10 күн мурда орун алган бул окуя тууралуу айтып, биздин телеканалга акыйкаттык издеп жаңы эле көз жарган Элеонора Нурдинова кайрылды. Ал “Дарыгерлер убагында төрөт кабыл алганда мындай болмок эмес. Балам майып болуп калса ким жооп берет?” дейт. Каарман балдар үйүндө өскөнүн, 3 баласын жалгыз багарын жана жардамга муктаж экенин айтат.

«26-июнь күнү толгоом башталып, төрөтканага келгем. Киргизип, карашты. Акушер мага көңүл бурбай койду. Себеби, мен аларга төрөшүмдү сезип, улам-улам айтып жаттым. Алар «10 сантиметр ачылышы керек, сеники 8 эле ачылды» деп коюшту. Суу кете баштады. Памперсим жерге түшүп калганда, «жердин баарын кан кылып жатасыңар» деп нааразы болду. Ошол учурда баланын башы чыгып калган. Баланын башын кармап кыйыкырып жаттым. Кыйкырып кала бердим. Суу кеткенде бала суу менен кошо полго түшүп калды. Жерден карап эле чочуп, нес болдум. Көтөрө калып эле, кушеткада шейшепке ороп, жардам сурап тура бердим. Ошол учурда полду тазалаган аял келип, «төрөп салдыңбы» деп, кайра чыгып кетти. Артынан чуркап келишип, жаткырып, киндик кесишти. Балам көгөрүп жатканынан алып кетишти», — деди ал.