«Баламдын ыйлаганын угуп жаттым, бирок өзүмө келе алган жокмун». Кулак-мурду кескиленген келиндин маеги

Селекция айылында мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаева маек берди. Ал окуя болгон күндү жана ага чейинки көргөн зомбулугу тууралуу блогер Вероника Косаткинага айтып берген.

«Биринчи жолу улуу балабызды жуунтуп жатканда кол көтөрдү. Экөөбүз баланы жуунтуп жатканда, ага сууну көп куюп салды. Мен катуу сүйлөп алдым. Ошондо мага кол көтөрдү», — деген Асел экинчи кайталанбайт деп ойлогон.

«Экинчи жолу Токмокто жашап жүргөндө кол көтөрдү. Ал учурда 6 айлык боюмда бар болчу. Мен балам менен сейилдөөгө чыктым. Короодо баарыбыз бири-бирибизди таанычубуз. Балам менен эшикке чыгып, классташымды жолуктуруп калдым. Аны менен учурашып, 5 мүнөттөй сүйлөшүп туруп калдым. Ал болсо, карап туруптур. Үйгө киргенде мени бетке чаап, урушту. Тайгаланып, кулап түштүм. 6 айлык балам боюмдан түшүп калган», — деди ал.

Ал чыдап, 12 жыл жашаганын айтып берди. «Кыргызда турмушка чыккан соң, жашаш керек деген түшүнүк бар. Ошентип 12 жыл чыдап, жашап жүрдүм. Ал мени эле урчу, балдарга колу тийчү эмес. Атасынын уруксаты жок балдарды алып чыгып кете алган жокмун. Ошол үчүн айла жок, балдарды таштап кеткем. Бишкекке келгенде түз эле балдарга бардым. Барсам эч ким жок экен. Ага айтпай эле балдарды алып кеткем. Кийин жолугуп, айттым. Ал каршы болгон жок. Ошондон кийин ал бизди тынч койгон жок. Балдарга жолугууга уруксат бергем. Бир жолу дүкөнгө чыккам. Ал мени кармап, бычак такап, биринчи жолу ошондо көчөдө зордуктады», — деди ал.

Ал экинчи жолу да зордуктаганын айтты. Милиция барганда экинчи арызын жазганын айтты. «20-сентябрь болчу. Күндөгүдөй эле 2 уулум менен саат 6:30да турдук. Чай ичтик. 7де улуу балам чыкты. Артынан эле мен чыкмакмын. Ошол үчүн эшикти бекиткен эмесин. Жуунуучу бөлмөдө элем. Кичүү уулум залда эле. Чачымды тарап жаткам. Кирип келип, 2 жолу башыма урду. Мени муунта баштады. Эсимди жоготтум. Андан кийинкиси эсимде жок. Түштөй болуп эле жата бердим. Баламдын ыйлаганын угуп жаттым, бирок эсиме келе алган жокмун. Өзүмө келгенде ашкананын дубалына тирелген экенмин. Өзүмө келе албай жаттым. Суусап жаткандыктан суу сурадым. Мага кызыл суусу бар, тряпка салынган чаканы берди. Мен суусун иче бердим. Жанында бычак турган экен. Бычак тандап, «бул болбойт экен» деп жатты. Бул жүрөгүнө жетпейт деп башка бычак алды. Ошол учурда эшик ачылып, кошуналар менен милиция кирип келди», — деди ал.