«Баланы апасы тарбиялоо максатында урушкан». Кызыл-Аскердеги бала сабалган бала бакча үн катты

Социалдык тармакка тараган баланы сабаган Кызыл-Аскердеги бала бакчанын администрациясы окуя тууралуу кайрылуу жасады.

«Видео тууралуу айтсак, уйкуга даярдоо учурунда аталган бала өзүнүн жана кыздын ич кийимин (трусы) чечкен. Бизде онлайн байкоо болгондуктан, кыздын энеси аталган видеону тарбиячыга жөнөткөн. Тарбиячы балдарды уктатып коюп бизде ашпозчу болуп иштеген апасына баласынын видеосун көрсөткөн. Видеону көрүп апасы өзүн кармана албай баласын урушкан. Окуя тууралуу Билим берүү жана илим берүү министрлиги, укук коргоо органдары тарабынан иликтөө жүрүүдө. Баласын урушкан ашпозчу жумуштан кеткен», — деп билдиришти «Маленькая Золушка» менчик бала бакчанын администрациясынан.