«Баланы келинчегим экөөбүз тең аябай күтүп жатканбыз» дейт жубайын курсагындагы баласы менен жоготкон жаран

Бул жолку каарманыбыз бир эле учурда жубайынан жана уулунан ажыраган Актилек Аликенов. Ал “тун уулумду колума алам деп күткөм, жубайым курсагындагы баласы менен төрөттөн каза болду” дейт. Учурда сай сөөгү сыздап, кан жутуп турган ал жубайынын өлүмүнүн себеби азырынча тактала электигин айтат.

«Биз 2020-жылы баш кошконбуз. Бул биздин биринчи балабыз болчу. Аябай күтүп жатканбыз. 16-бейтапканага катталганбыз. Баары жакшы дешип, убак-убагы менен эле текшерип жатышкан. Ал маалда бала жакшы болчу. Биз акыркы жолу барганда, колуна кагаз берип, баары жакшы экенин айтышыптыр. 

Ал күнү төрөтканага барган жокпуз. Ошол күнү унаадан түшкөндө эле жакшы эместигин байкагам. Анан кайра жакшы болуп кетти деди. Түнкү саат 2де толгоосу башталды. 4-төрөтканага алып бардым. Барганда текшеришип, баланын жүрөгү сокпой калганын, эмне болот десем, өзү төрөрүн айтышты. Кагаздарга кесарево болот деп жазылып турганын айтсам, өзү төрөйт дешти. Түнкү нөөмөттө жаш кыздар иштейт экен. Киргизип жаткырып койгон. 13-14 саат толготту. Мага келинчегим чалып, экөөбүз сүйлөшүп жатканбыз. Эртеси дарыгерлер келип, кесарево кылышты. Дарыгерлер кайра чогулуп, акыбалы оорлоп кеткенин айтышты», — деди ал.