Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкекте 12-13-октябрда окуучулар онлайн окуй турганын айтып, бала бакчада жана 10 жашка чейинки балдары бар жалгыз бой энелерге оор болуп каларын айтты.
«2 күн онлайнга өткөрүлдү. Жалгыз бой энелер кантет? Балдарын кимге таштайт? Жумуштан суранабы? Баланы жалгыз үйдө ташташ керекпи? Мен түшүнүп атам, олуттуу иш-чара болгону жатат. Анда Министрлер кабинети бала карагандарга саатына акча төлөп берсин. Эмнеге болбосун. Ушул сөзүмдү жеткирип койгулачы, балким кийинкиде ойлонушар», — деди ал.
- 12-13-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан онлайн форматта уюштуруу тапшырылды. 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. 12-13-октябрь күндөрү Бишкек жана Чүйдөгү айрым көчөлөр жабылары да маалымдалган.