«Баланын атасы абакта». Арча-Бешикте ташталган ымыркайдын апасы үн катты

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Арча-Бешик конушунда ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчынын институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери төрөт үйүндөгү ымыркайга барышкан.

«Балага бронхопневмония деген диагноз коюлган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө реанимацияда жатат, дарылоо программасына антибиотиктер киргизилген. Институттун кызматкерлери төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен тынымсыз байланышта», — деп институттан билдиришти.

Мындан тышкары, 20-21-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барышып, кармалган баланын апасы менен жолугушкан. «Келин төрөт кандай шартта болгонун айтып берди. Анын айтымында, төрөт үйүндө болгон, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Ал баланын атасын билет, ал абакта», — деп айтылат маалыматта. 

Бүгүн, 22-ноябрда Ленин РИИБден Арча-Бешикте ташталган ымыркайдын 20 жаштагы апасы үй камагына чыкканын билдиришти.