«Баланын ичи чоңоюп кеткен». Бишкекте үч жашар баладан 1,8 килограммдык поликистоз алынды (сүрөт)

Пациентка получает общий наркоз во время операции и эпидуральный сразу после того, как операция закончена

Эне жана баланы коргоо борборунун хирургиялык инфекция бөлүмүндө үч жашар балага операция жасалды.

Борбордун маалыматына караганда, бейтап Ысык-Көл облусунан которулган. Ал боордун тубаса ириңдүү поликистоз оорусу диагнозу менен жаткырылган. Дарыгерлердин айтымында, энеси 3 ай мурун баланын курсагынын чоңойгонун байкап, бирок ага маани бербей, бала деле эч нерсеге нааразычылыгын билдирген эмес. Бала активдүү болуп, табити да жакшы болгон. Участкалык педиатрдын сунушу менен ички органдары УЗИге тартылып, ал жерден чоң цистоз табылган. Жолдомо боюнча ата-энеси борборго кайрылып, бала ооруканага жаткырылган.

Поликистоз өлчөмү 15х20 сантиметр, боордун оң бөлүгүнөн чыккан. Жалпы салмагы 1,8 килограмм, ичи ириң болгон.