Балаңыз бардык эле китебин алдыбы? Министрликтен 10 эсеге көп китеп басылганын билдиришти

2023-жылы 1 миллион 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат жана ушул жылдын сентябрь айынан баштап мектептерге борборлоштурулуп жеткириле баштайт. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп (2022-жылы 123 миң китеп басылган). Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Президенттин жарлыгына ылайык, билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын “Учкун” ачык акционердик коому даярдайт. Ал үчүн атайын жаңы техникалык каражаттар алынган. Мурун китептер менчик басмаканаларда даярдалып баасы бир кыйла жогору болгон. 2023-жылы республикалык бюджетте окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга китеп ижарасынан түшкөн каражаттарды кошкондо 324 миллион сом каралган (152 миллион сом республикалык бюджет, 172 миллион сом китептин ижарасынан түшкөн каражат).

Урматтуу окурман, эгер сиз да жогорудагы маалымат боюнча пикириңиз бар болсо, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302  номерине жибериңиз.