«Балаңызды аябайсызбы?». Ошто келин өз жанын кыюуга аракет кылды (видео)

Ошто милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган келинди куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ош шаарынын райондук ички иштер бөлүмүнүн бирине, бир кыз көп кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет кылып жатканы жөнүндө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетишип, ал жердан ӨКМ кызматкерлери жана Тез жардам дарыгерлери менен биргеликте ыкчам жана шайкеш иш алып барышып, кыздын балкондон секирип кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, аны өлүмдөн сактап калышты. Видеодон алардын келинге «Балаңызды аябайсызбы?» деп жатканын угууга болот.

27-январда Ош шаарынын жашоочусу турмуштук кыйынчылыктардан улам өз өмүрүн кыюуну чечип, жашап жаткан үйүнүн балконунун тосмосунан ашып чыкканда, өтүп бара жаткандар көрүп калган.