Балаңызды окууга кабыл алуу же которуу үчүн акча талап кылышса кайда кайрылуу керек?

УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында борбор калаада билим берүү системасынын, мектептик билим берүү уюмдарынын жана Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин катышуусу менен бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, Бишкек шаарынын муниципалдык мектептери жана мамлекеттик маанидеги мектептер менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө балдарды 1-класска кабыл алууда, ошондой эле башка мектептерден которууда жана балдарды бала бакчаларга кабыл алууда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө керектиги белгиленди.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүнүн алкагында 2024-жылдын башынан бери билим берүү системасында бир катар кармоолор жүргүзүлүп, кызматтык бузуулар аныкталган.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Окууга кабыл алуу жана которуу үчүн акча талап кылынган ушундай жагдайга жарандар туш болсо, анда 0312-66-04-75 номуруна кайрылсаңыздар болот.