«Балапандар окушат». Жалал-Абадда 58 жыл мурун салынган мектептин кейиштүү абалы (сүрөт)

Нурия Исакулова аттуу Фейсбук колдонуучусу Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылындагы 1965-жылы салынган мектептин сүрөтүн бөлүштү.

«Бул мектепти таенем окуган деп көп айтып келем. Аталган айылда 2,5 миңге жакын калк жашап, 469 окуучу окуйт. 2016-жылы ӨКМ тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок былтыркы күнгө чейин 0-1-2-3- класс мектеп балапандары окуп келишкен.

Азыркы учурда корпус жараксыз абалга жеткендигине байланыштуу мектеп директорунун иш бөлмөсү жана балдар тамактануучу жай, китепкана кылып пайдаланууга аргасыз. Чоңураак адам кирсе пол кыймылдап, урап түшүү коркунучу өтө чоң. 2024-жылкы курулушка тездик менен киргизип берсеңиздер жакшы болмок. Депутаттар, Жогорку Кеңеште ушул маселени да көтөрүп берсеңиздер», — деп жазды ал.