Баласы аквапаркта чөгүп каза болгон жалгыз бой аял Түркияга бутуна операция жасатуу үчүн учуп кетти

6-июнь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Анын апасы SuperTV каналына маек учурунда уулун жалгыз өстүргөнүн, өзүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени тууралуу айткан. Ал Түркияга операция жасатуу үчүн учуп кеткендигин социалдык баракчасы аркылуу маалымдады.

«Атайчик, уулум, бүгүн сенсиз 22 күн болду. Сенин мүрзөңө барып, сени менен коштошуп келдим, балам. Мамаң бүгүн чукул операцияга учуп кетип жатат. Сени көрбөй кете албайт элем, сени менен жүрөгүмдөн сүйлөшкөнү келдим, уулум. Мен сөзсүз айыгып келем. Алинур (атасында калган экинчи уулу) үчүн, ата-энем, бир туугандарым, сен үчүн күчтөнөм! Мен айыгып бутума жаңы протез салдырып, башымды айыктырым келем. Туулган күнүңдө аткарам деген убадамды келип аткарам. Сенин атыңдан сөзсүз жетим балдарды сүйүнтүп келем, уулум», — деп жазган баланын апасы.