Баласы Орусияда кармалган эне өлкө башчыга кайрылуу жасады (видео)

Баласынын Орусияда экенин айткан эне аны менен 1,5 суткадан бери байланыша албай жатканын айтып, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Анын айтымында, уулу бир бейтааныш номурдан чалып, баңгизат менен кармашканын айткан. «9 жылдан 15 жылга чейин камаласың же 6 айдан кийин Украинадагы согушка кетесиң» деп жатышат дегенде эле колунан телефонду алып коюшту. Ошол боюнча бизди сүйлөштүрбөй эле. Менин балама жардам берип коюңуздар», — деди апасы.

ТИМ бул окуя боюнча маалымат берген. «Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы элчилигине Орусиянын укук коргоо органдарынан Н.Т.га карата билдирүү келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу, учурда Кыргыз жаранынын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлүүдө. Элчилик кармалган анын жактоочусу менен байланышкан. Кошумча маалымат келип түшкөн учурда, элчилик тарабынан анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чаралары көрүлөт», — дешти.