Баласын сабаган өгөй ата менен министрлик соттошот

Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган баланын окуясы боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келе турган жаңы жетекчи  комментарий берди. Ализа Солтонбекованын айтымында, баланын апасы доом жок деп тосмо арыз жазып берген, бирок өгөй ата менен министрлик соттошот. “Кандай кырдаал болбосун, мыйзамда баланын укугу каралган. Биздин адистер өгөй ата менен соттошот. Ал эми бала азыр танесинин колунда, Ат-Башыда. Ал медициналык жана социалдык жардамга муктаж”, — деди Солтонбекова.

23-ноябрда социалдык тармактарга денеси көгала болуп, көзүнө кан уюган жана бети шишип кеткен алты жаштагы баланын сүрөттөрү тараган. Окуянын өзү бир апта мурда 18-ноябрга караган түнү Сокулук районундагы “Поле чудес” конушунда орун алып, бала ооруканага жеткирилген. Факты “үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен каттоого алынып, баласын сабоого шектелген өгөй ата кармалган. Окуяны Ички иштери министри Улан Ниязбеков жеке көзөмөлүнө алганы да айтылган.