«Бишкектеги кара түтүн маселесин 3 жол менен чечсе болот». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев айтты.
«Биринчиси, көмүр. Кара-Кеченин көмүрүн киргизбейсиңер. Төрт районго 4 кампа саласыңар. Шабыркүлгө окшогон көмүр алып келесиңер, мүшөккө салып туруп сатасыңар. Болду. Ыш 30-40 пайызга жоголот.
Канттагы шифер заводуна күчүңөр жетпейт. 3 жыл болду. Кант менен келип, түз Бишкекти ууландырып жатат.
Катализаторлор. Катализатор койдурсаңар дагы 30 пайызга чечилет. Кышкы тариф берсин «Газпром». Декарь, январь, февралга коюп берсин, баарыбыз газга шыгырап өтүп беребиз. Эгер ал макул болбосо, башка компанияга өтөлү»,- деди ал.