Балбак Түлөбаев: «Май майрамдарында 1-2 күнгө айылга энемдин жанына барам»

Кыргызстанда 1-майдан 10-майга чейин эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. Буга байланыштуу депутаттарга «Май майрамдарында эмне менен алек болосуз? Чет тилде кандай оригиналдуу куттуктоо айта аласыз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, айылга энесинин жанына бар. «Ал жакта 1-2 күн болом. Анан 5-майдан баштап иш сапарга кетем. Мен Стамбул университетин бүткөм. Мени курсташтарым чакырып жатышат. Стамбулга анан Болу деген шаарга барам. Андан ары чогулуш бар, ошол жакка кетем»,- деди ал.