Балбак Түлөбаев монорельсти кызыктуу кыймыл менен түшүндүрүп берди

Социалдык тармактарда Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин маалымат жыйында сүйлөп жаткан учурда ортон бармагын көрсөткөнү талкуу жаратууда. Интернет колдонуучулары түрдүү тамашалуу роликтерди жасап, анын жаңсоосун шакабага алышууда.

Түлөбаев ал кыймыл учурунда эмне тууралуу сүйлөдү? Буга чейин мэрия монорельс боюнча долбоор сунуштаган. Аны ишке ашыруу өтө көп акча каражатын талап кылгандыктан, айрым жарандар “мэрия жомок айтканын токтотуп, таштанды чыгарууну эле эптеп алсынчы” деген өңдүү сын-пикирлерди жараткан. Мэрдин милдетин аткаруучу дал ушундай сындарга төмөндөгүдөй жооп кайтарды.

«Бул келечектин долбоору, биз аны аткарышыбыз керек. Чет өлкөдө курулган монорельстерге караганда биздики арзан болот. Айрымдар “бул Балбактын фантазиясы, шаардыктарды алдап жатат” дешүүдө. Эгерде акылыңар жетпесе, тоскоолдук кылбай, үйдө чайыңды кайнатып отура бер», — деди ал.