Балбак Түлөбаев спорттук мелдеште тополоңдорду болтурбоо үчүн эмне кылуу керектигин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев спорттук мелдеште тополоңдорду болтурбоо үчүн эмне кылуу керектигин айтты. Ал социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пост жазды.

«Ыктыярчылыр мыйзамы кабыл алынган! Спорттук мелдештерде болуп өткөн тополоңдорду болтурбоо максатында ыктыярчы топторун түзгүлө. Акылбек Жапаров ушул сунушумду көңүлгө алыңыздар. Коопсуздук күчтөрүнө жардамчы болушат. Кризистик абалда, массаны эл өзү гана токтото алат.

Жумуш көп, иштеш керек да. Кийген кийимин, масса менен иштөө тартибин тез арада бекитип иш алып баруу керек. Ыктыярчылар борборлорун ар бир облуста түзүп, өзгөчө кырдаалдарды түрүнө бөлүп, ошого жараша жоболорун бекитип иш алып баруу шарт. Ошол борборлор элдин ынтымагынын, биримдигинин, кырсыктан сактоонун, алдын алуунун, борборлору болушу керек. Мыйзам бар, иш алып баруу керек», — деп жазды ал.