Балбак Түлөбаев түтүн боюнча: «Бишкек бизди акырындан өлтүрүп жатат»

Бишкек бизди акырындан өлтүрүп жатат. Жөнөкөй адамдан баштап, президент, министр, депутаттарга чейин акырындап өлтүрүп жатат. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев комитет жыйында Бишкектеги түтүн боюнча айтып жатып билдирди.

«Бишкек түтүн эле эмес, таштандыга да толуп кетти. Уят эле. Ар кайсы жагынан таштандыга толуп кетти. Биз мунун баарын анализ кылганбыз. Бишкектеги түтүндүн 3 негизги себеби бар. Алар: транспорт, ЖЭБ, көмүр. Көмүрдүн сапаты начар. Ал эми таштанды полигонунда мафия. Ал жер «өллө» мафия. Мэриңди да карап койбойт, эч кимди «уруп» койбойт. Аны бир план менен баспасаң, баса албайсыңар. Күчүңөр жетпейт. 

Сейил бак боюнча «10 миң бак тигебиз» деп айтып жатпайсыңарбы, тиге албайсыңар, каякка тигесиңер? Жер жок. Муну мэрия чече албайт, буга өкмөт жардам бериши керек», — деди ал.