«Балдар менен батирге да албайт экен». 2022-жылы 3 эм төрөгөн келин Ташиевге кайрылды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 25 жаштагы Жайнагүл Умарова кайрылып, 2022-жылдын 9-январында 3 эм төрөгөнүн билдирди.

«3 эмдин экөө уул, бир кыз. Аттары Байхан, Элхан, Айхан. Көз жарганда мэриядан 50 миң сом, айыл өкмөттөн 50 миң сом берилген. Жолдошум Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматында иштейт. Үй-бүлөдө улуу бала болгондуктан бөлүнгөнбүз. Азыр Ош шаарындагы Жапалак айылындагы туугандардын үйүн ижарага алып жашап жатабыз. Алар чет өлкөдө болгондуктан бизге ижарага беришкен. 3 эм төрөлгөндө үйдөн абдан кыйналдык. Себеби аларга чейинки да уулум бар. Балдар менен батирге да алышпайт экен. Мэриядан үй сурагам. Акча жок, жер тилке берилет деген. Бирок ушуга чейин барбаган жерим калган жок. Үйдө жолдошум жалгыз иштейт. Аны карап отурабыз. 3 эм төрөгөн аялга оор болот экен, ден соолугум начарлады. Азыркыга чейин дарыланып турам. Жөлөк пул чегертүүгө аракет кылдым. Бирок жолдошум мамлекеттик жумушта иштеген үчүн берилбейт экен. Мен Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылат элем. Бизге да көңүл буруп койсоңуздар. Азыр кайрылсам «балдар чоңоюп калыптыр» дешет. Мен балдар кичинесинен бери эле кайрылбаган жерим калган жок. Убагында көңүл бурушпаса, чоңоёт да. Ушул менин көңүлүмдү оорутуп жатат»,- деди келин.