Балдар мындан ары 7 жаштан эмес, 6 жаштан милдеттүү түрдө 1-класска барат

«Балдар мындан ары 7 жаштан эмес, 6 жаштан милдеттүү түрдө 1-класска барат». Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

«12 жылдык окуу боюнча: эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз», — деп жазды министр соцтармактагы баракчасында.

Буга чейин Алмазбек Бейшеналиев окуучулардын окуу жүктөмү кыскартыла турганын айткан. Анын айтымында, азыр окуу жүктөмү жылына 1020 саат түзсө, ал 820 саатка кыскартылат.