Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Бишкекте мектептерди карантинге жабууну суранды

Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов мектептерди карантинге жабууну суранды.

Ал АКИpress агенттигине билдиргендей, ооруканада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандар көп. Ал жарандарга коомдук жайларга барбоого кеңеш берди. «Вирус аба аркылуу жугат. Мектептер бир азга карантинге жабылса жакшы болмок. Байланыш аз болот, кайрылгандар да азаят», — деп кошумчалады дарыгер.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен жергиликтүү бийлик мектептерге карантин киргизүү маселесин карай турганын билдиришти.