Балдар укугу боюнча өкүл 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 13 жашар кызга карата зомбулук жасалган чуулгандуу иштин жүрүшүнө баам салууда. Бул иш ошондой эле Башкы прокуратурасынын көзөмөлүндө турат.

Көзөмөлдөөчү органдын маалыматы боюнча шектүүлөргө карата баш коргоо чарасы камакка алуу деп кабыл алынган жана тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна жөнөтүлдү. Азыркы учурда иш кароо алдында турат. Өз кезегинде Асел Чынбаева жашы жете электерге карата мындай фактыларга көзөмөл күчөтүлөрүнө ишендирди.