Балдар үйүнүн тарбиялануучусу каза болгон окуя. Акыйкатчы үн катты

Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмү тууралуу маалымат чыккандан кийин Акыйкатчынын Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган институттан маалымат таратышты.

«Жыйынтыгында, белгилүү болгондой жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Военно-Антоновка балдар үйүнүн 6-классынын окуучусу 2008-жылы туулган Игорь Якуниндин өлүм фактысы Сокулук РИИБ маалыматтарды каттоо журналында 1-июнда саат 23:08де катталган. Ушул жылдын 2-июнунда саат 9:24тө Кылмыштардын жана жоруктарды бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөчү-милициянын лейтенанты Өмүрбек уулу Максат. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Адвокаттын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар орун алган. Адвокатты маркум баланы асырап алууга ниеттенген АКШ жарандарынын үй-бүлөсү жалдаган. Каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан. Мындан тышкары Игорь Якунин жүз берген трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалымкаттар бар», — деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан тиешелүү Көңүл буруу актысы жана ИИМге ишти кароону ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине бул балдар үйүнүн директорунун тергөө иш чаралары мезгилинде кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдонгон. Анткени балдар мекемесинин директору ал интернаттын окуучуларынын көрсөтмө берүүсүнө кийлигишүүсү жана бала өлүмүнүн фактысын мүмкүн болгон жаап-жашыруусу эске алынган.
Бул иш акыйкатчынын өзгөчө көзөмөлүндө турары айтылат. Мындай кайгылуу окуяларды болтурбоо максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар, бул фактыны иликтөө боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жетекчилигинде өкмөттүк комиссия түзүүгө жетишүү боюнча аракеттер жүргүзүлөт.