Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун каза болушу. ИИМ: «Экспертиза тергөөнүн корутундусуна дал келбесе, эксгумация кылабыз»

Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон Игорь Якуниндин денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн, ичегилерден гана эмес, жүрөктөн, өпкөдөн жана башка органдардан да үлгүлөр алынган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бардык материалдар химиялык экспертизага берилген.

«Жыйынтыктар, менимче даяр. Биздин жигиттер алып кетишти. Бүгүн карап чыгып, юридикалык баа беребиз. Эксгумациялоо маселеси медициналык текшерүүдөн кийин чечилет. Эгерде медициналык экспертиза тергөөнүн корутундусуна дал келбесе, анда биз эксгумация жасайбыз. Эгер бардыгы дал келсе, эксгумация жүргүзүлбөйт», — деди ал.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.