Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө маданият министри балдар менен чогуу болот

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Бишкек шаарындагы искусство мектептеринде билим алган өзгөчө камкордукка муктаж балдар менен чыгармачылык күн өткөрөт. «Балдар менен бир күн» деп аталган бул өнөктүк Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 13:00дө башталат.

Акцияда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөр боюнча интерактивдүү саякат уюштурулуп, пластилинден аквариум жасоо боюнча чеберчилик сабак өтүлөт. Ошондой эле кинозалда Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясы тарткан «Замки на песке» тасмасы көрсөтүлөт. Иш-чаранын соңунда бөбөктөргө министрдин чакан белектери тапшырылат.

Министрдин буйругуна ылайык, бул күнү Пётр Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде «Балдар — жердин жандуу гүлдөрү» аттуу майрамдык иш-чара уюштурулат. Кече мектептин концерттик залында саат 11:00дө башталып, 200дөн ашуун талантуу окуучу өз өнөрлөрүн тартуулайт. Кеченин негизги коноктору өзгөчө камкордукка муктаж балдар болмокчу. Ушул сыяктуу кечелер, майрамдык иш-чаралар министрликке караштуу башка мекемелерде да өткөрүлөт.