Балдарды мектепке электрондук каттоо жүрүүдө

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларында мектептерге 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Мекеменин акыркы маалыматтарына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин келип түшкөн арыздардын жалпы саны 7 миңден ашкан.

Алардын ичинен:

Бишкек – 6350;

Ош – 150;

Кара-Балта – 122;

Токмок – 96;

Кызыл-Кыя – 272;

Жалал-Абад – 167.

Ал эми мекеменин техникалык колдоо көрсөтүү кызматына келсек, ал дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат  9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00.

Балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоо 15-фералда башталган.