«Балдарды мектепке жөнөтөлү деп жатсак эле, ок атылып баштады» дейт Максат айылынын тургуну

Максат айылынын тургуну Гүлчахра Ибрагимова атышуудан кийин айылдан чыгып кеткенин айтты.

«Мен Гүлчахра Ибрагимова Максат айылынын тургунумун. Биз ушул жерде жашайбыз, атышуудан кийин бул жерден чыгып кеттик. Алар качып баратканда атышуулардын очогуна жетип калышты, балдарыбызды араң чыгардык. Ок атышуу саат 8:30дар чамасында башталган. Ошол күнү балдарды мектепке жөнөтөбүз деп жатканбыз, анан группага мектепке жана бала бакчага келбегиле деген билдирүү жазылыптыр. Айыл башчы балдарды дароо алып чыгууну буйруду, анан баарыбыз үйүбүздөн чыга баштадык. Жөө өзүбүз качтык», — деди ал.