Балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков ооруканадан чыгарылды

Бүгүн, 28-январда балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбековдун ден соолугу калыбына келип, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, дарыгер дагы 14-15 күн үй карантининде болуп, андан кийин жумушуна чыга берсе болот.

Эске салсак, дарыгер 19-январда эки тараптуу пневмония менен ооруканага түшкөнү маалым болгон.