«Каникулда балдарга дыкат көңүл бургула!». Чүйдө киши колдуу болгон окуучу кыздын окуясынан улам министрлик ата-энелерге кайрылды

Билим берүү жана илим министрлиги №1 Кемин орто мектебинин 9-классынын бүтүрүүчүсү Ольга Хабарованын өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, кайгылуу окуя ушул жылдын 21-июнунда болгон. Ага чейин маркум кыз толук эмес орто билим жөнүндөгү күбөлүгүн алган. Көргөн-билгендердин айтымында, ошол күнү ал күндүзгү саат 12ге жакын үй-бүлөсүнүн жер тилкесиндеги чарбагын сугарганы барган. Көп узабай бүтүрүүчү кыз жансыз абалда табылган. Укук коргоо органдарынын ыкчам маалыматтары боюнча, 1979-жылы туулган шектүү киши кармалган, азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Ольга Хабарова 2005-жылы төрөлгөн. Бул мектепте ал 4-класстан бери окуп келаткан. Анын үй-бүлөсү Алматы шаарынан көчүп келген. Мектептин администрациясынын мүнөздөмөсү боюнча ал токтоо, жоош-момун, эмгекчил кыз болчу, окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылчу.

Кайгылуу окуяга байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын жайкы каникулу маалында балдарды орун алышы мүмкүн болгон ар кандай терс көрүнүштөрдөн оолак кармоо үчүн ата-энелерди балдарына дыкат көңүл бурууга чакырат.