«Балдарыбызга 2 жолу чөө тийди». Камчыбек Ташиев алыскы аймактагы окуучуларга кичи автобус белек кылды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Токтогул районунун Кара-Ой жана Крест айылынын тургундарына окуучуларды ташыган кичи автобус белек кылды.

Жергиликтүү тургундар айылга мектеп алыс болуп, балдары кыйналып кеткенин айтып, УКМК төрагасына кайрылганын билдиришти. «Балдарыбызга 2 жолу чөө тийди. Кышында видео кайрылуу жасаганбыз»,- деди тургун.